03.06.2019 15:09

Суусамыр жайлоосунан кичинекей бала жоголду, издөөгө дрон керек

Суусамыр жайлоосунан кичинекей бала жоголду, издөөгө дрон керек

Суусамыр жайлоосунан кичинекей бала жоголду. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

3 жаштагы бөбөк Суусамыр айыл аймагынын Биринчи Май айылынын К.Т. аттуу тургуну болгон. ӨКМ маалыматына караганда, окуя кечээ, 2-июнда болуп, ошол эле күнү баланы издөөгө 9 куткаруучу жана 6 милиция кызматкери тартылган. Бирок  аракеттер жыйынтык бербей, караңгы түшкөнүнө байланыштуу саат 20:00дө издөө иштери токтотулган.

Бүгүн 3-июнда издөө иштери улантылууда. Жергиликтүү тургундардын айтымында, бала козу карын тергени чыккан жакындарынын жанында болгон. Саат  10:00 чамасында бөбөктү таппай калышкан. Эми баланы издөө үчүн дрон керектелип жатканы айтылат. 

тел: 0553 43 53 10
       0550 16 60 03
       0550 19 59 07